“өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 29-январында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн объективдүү, ишенимдүү жана салыштырмалуу натыйжаларына жетишүүгө, жарандардын, жеке ишкерлердин, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн анык эмес натыйжаларынын кесепеттеринен коргоого багытталган.

Өлчөөлөрдүн байкоодо болушун жана бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун укуктук негиздерин жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы № 118 «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Мыйзамда көрсөтүлгөн «текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүүчү лабораториялары аккредитацияланган болууга тийиш» деген ченем 2023-жылдын 1-июнунан тартып күчүнѳ кирет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости