Ныязовдор аламан улакта үйлүү жана темир тулпарлуу болду

Ныязовдор аламан улакта үйлүү жана темир тулпарлуу болду

Кара-Суу районунун Савай айылында өткөн ири аламан улакта Байыш Ниязов батир менен автоунаа утуп алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Байыш Ниязов баш байгеге коюлган батир менен автоунаа утуп алды. Ал эми анын бир тууган иниси Манас Ниязов да төө, тай, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтү Үч-Каптал айылынын тургуну Жоодар Жолчу уулу «Лимузин» автоунаасына ээ болду.
Эске салсак, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында аламан улак ойногон. Баш байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир «Лимузин» жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктар коюлган.

Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан улакчылар келген. Болжол менен 1000дей киши катышып жатканы айтылган. Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдү. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берди.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости