Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешинин билет баасы айтылды

Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешинин билет баасы айтылды

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Тони Фергюсондун беттешиндеги билеттердин бааларынын суммасы айтылды. Маалыматка караганда эң арзан билет 195 доллар турса, эң кымбаты 11 157 доллар экендиги маалымдалды. Бул тууралуу аталган уюмдан кабар беришкен.

Эскерте кетсек, эки мушкердин беттеши 18-апрелде Нью-Йорк шаарында өтөт.

Билеттер сатыкка 31-январда чыгарылаары билдирилди.

Буга чейин Нурмагомедов 28 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен. Ал эми Фергюсондын куржунунда 25 утуш, үч жеңилүү ызасы бар.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости