Нурмагомедов: “100 млн доллар берем десе да, Конор менен беттешке чыкпайм”

Нурмагомедов: “100 млн доллар берем десе да, Конор менен беттешке чыкпайм”

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов 100 миллион АКШ долларын берсе да Конор Макгрегор менен реваншка чыгууга макул эмес. Бул тууралуу мушкер Каспийсктеги футбол боюнча турнирден кийин өткөн конференцияда айткан.

“Мушташ убагында эмне болгонун баары көрдү. Беттештин жүрүшүн мен башкардым. Конор менен каалаган нерсемди кылдым. Кайсы реванш тууралуу сөз болуп жатат? Бул мага такыр кызык эмес. Мен оюм Фергюсонго каршы беттешке багытталган”,- дейт мушкер.

Хабиб ага 100 миллион доллар сунушташса да “ал жиндини дагы бир жолу сабагысы” келбегенин билдирди.

Ошондой эле Конор Макгрегор менен америкалык Дональд Серроненин мушташы тууралуу комментарий берип кетти.

“Макрегор менен Серроненин беттеши келишимдик деп ойлобойм. Ал жөн гана жакшы коюлган цирк”,-дейт Нурмагомедов.

Эске сала кетсек, 2018-жылы октябрь айында Нурмагомедов менен Макрегор беттешке чыгып, Хабиб утуп алган.

Белгилей кетсек, Хабиб менен Фергюсондун беттеши 18-апрелде Нью-Йоркто өтөт. Буга чейин мушкерлер төрт жолу октагондо жолугушууга аракет кылышкан. Бирок коюлган беттештер эки спортчулардын ден соолугуна байланыштуу болбой калган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости