Надира Нарматова: “Бузукулардын” кызыкчылыгы үчүн Садыр Жапаров кайрадан курмандыкка чалынат”

Надира Нарматова: “Бузукулардын” кызыкчылыгы үчүн Садыр Жапаров кайрадан курмандыкка чалынат”

Эртең, 2-мартта өтө турган митинг тууралуу айрым саясатчылардын пикирин билүүгө туура келди. Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын депутаты Надира Нарматова кайрадан ачуу чындыкты айтып, агынан жарылды.

—“Садыр Жапаровдун митингге чыгуучуларга карата кайрылуусуна көңүл бурбай, жулкунуп, сөгүнүп, албууттанган топтордун билдирүүлөрүнө караганда, уюштуруучу топтордун башка нерсе кызыктырып турганы, максаттары башка экендигин кашкайып көрүнүп турат. Садыр Жапаров тек гана митингдин болушуна шылтоо экендиги билинип калды. Элибиз Кудайга шүгүр деп, тообо келтиришибиз керек! Жалпы карапайым элдин ырыскысына эл бузарлар чычпагыла! Кылгылыкты кылып коюп, “пысып” 10 жылдан бери жыргап жашап жаткандардан жыйынтык чыгаргыла! Ынсапка келгиле! Мындан жаман күндө да жашаганбыз. Каалагандай жашап жатасыңар.

Аракет кылган жашап жатат. Ким жалкоо болсо, начар жашайт. Эркиндикти теппегиле!

Бийликке келгиси келгендер, мыйзам жолу менен шайлоодон утуп келип, өзүңөрдү көрсөткүлө, бийлик аркылуу. Коомчулук жети ай чыдасаңар, ЖКтин шайлоосу болот. Мамлекеттин бүтүндүгүн каалабаган, ниети бузук тарап Садыр Жапаровду ортодо курмандыкка чалбашы керек! Садыр Жапаров өз чечимин коомчулукка билдирди. Эки кол жазма окшош болуп турат.

Коомчулук салыштырып көрсүн. Бирөөсү райым сураган кайрылуусу, экинчиси митингге чыкпоо жөнүндө. Бул жерде күмөн саноого мүмкүн эмес”,- деди Надира Нарматова.

Эске сала кетсек, бүгүн, 1-мартта саясатчы Садыр Жапаров:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө:

Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат.

Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын: Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок.

Мага жеткен маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Ошондуктан, мен үчүн чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем.

Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп кыргыз элине кайрылган.

“Бул Кайрылууну Садыр Жапаров жазган эмес”, деген талаш-тартыш социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды. Бир нече саат мурун жактоочу Канат Хасанов:

-“Урматтуу достор, мекендештер! Мен, азыр Садыр Жапаров менен байланыштым. Бул кат боюнча сурадым, ал байке тастыктап берди! Урматтуу Кыргыз элим биримдик күчүн көрсөттүңөр, сиздерге чоң ыраазычылык!

Эми, Ыссык-Көлдүк достор, жердештер, эми көлдүктөрдүн мыйзамды сыйлаганын көргөзөлү!”- деген билдирүүнү өзүнүн социалдык тармагы аркылуу жазып чыкты.

Эске сала кетсек, Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын март айында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл алты айга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости