Нарын шаарында хоккей боюнча чемпионаттын биринчи туру аяктады

Нарын шаарында хоккей боюнча чемпионаттын биринчи туру аяктады

Нарын шаарында 31-январда башталган чемпионаттын биринчи айлампасы 2-февралда аяктады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири уюштуруучуларга таянып, жазып чыкты.

Маалыматка караганда, үч команда күч сынашып, белгилүү себептер менен Жумгал районунун командасы келе албай калды. Бишкек шаарынан “Дордой” жана “Кыргыз темир жолу” командасы барган.

Жыйынтыгында “Нарын шумкарлары” “Кыргыз темир жолу” командасын 10:6 эсебинде утуп, “Дордой” “Кыргыз темир жолу” командасын 8:0 эсебинде жеңип алды. “Нарын шумкарлары” “Дордойго” 1:15 упай менен утулуп калды.

Белгилей кетсек, чемпионаттын экинчи айлампасы апрель айында Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости