Митингдин айынан Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылабы?

Митингдин айынан Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылабы?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев “Ар-Намыс” партиясынан чыгарылат. Бул тууралуу партиянын лидери Феликс Кулов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

Анын айтымында, Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо митингинде уюштуурчуу болорун партиянын жетекчилигине айткан эмес.

“Мындай маселелер ырааттуу болуш керек. Эгер ал бизге кайрылса, биз албетте каршы болбойт болчубуз. Бирок бир талап коюлмак, эгер ал Садыр Жапаровдун абалын оорлотпосо. Айыпталуучу өзү тарапташтарына кайрылып, митингге чыкпоого чакырды. Мындан сырткары, башында эле митингди Ала-Тоо аянтында эмес, Максим Горкий атындагы паркка уюштурууга макулдук берилген. Бул чоң катачылык болду”,-дейт Феликс Кулов.

“Ар-Намыс” партиясынын лидери Каныбек Осмоналиевди партиядан чыгаруу маселесин жакынкы арада чечишээрин баса белгиледи.

“Бул партиянын ички иши, процедуралык маселе, эч кандай кыйынчылыгы жок”,-деп Феликс Кулов сөзүн жыйынтыктады.

Бирок партиянын лидери Каныбек Осмоналиевге коюлган чараларга каршы чыгууда. Феликс Куловдун айтымында, саясий кеңеш анын жазасын жеңилдетүү үчүн өтүнүч кат жөнөтөт.

Эске сала кетсек, кечээ, 2-мартта мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо митингги өткөн. Анда Каныбек Осмоналиев уюштуруучу болгон. Акция учурунда митингчилер бийликке ультиматум коюп. Ак үйдү көздөй жөнөшкөн. Кырдаал курчуп, милициялар келип митингчилерди кууп башташкан. Митингчилер милицияга каршылык көрсөтүп, таш ыргыта башташкан. Күч органдары аларга каршы суу, желим ок, көздөн жаш агызуучу куралдарды колдонушкан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Акцияныын уюштуруучулары саясатчынын агасы Сабыр Жапаров менен активист Амангелди Артыков жанан мурунку депутат Каныбек Осмоналиев кармалды. Экөө сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулуп, Каныбек Осмоналиев УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.

Митингдин 166 катышуучусу кармалып, өздүгү такталгандан кийин 162си бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости