Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: “Садыр Жапаров менен жолуктук”

 Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты: “Садыр Жапаров менен жолуктук”

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкекте жайгашкан 47-колониянын санитардык бөлүгүндө жаткан Садыр Жапаров менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев NazarNews.kg маалымат агенттигине төмөнкү оюн билдирди.

-Бүгүн, ЖК төрагасынын тапшырмасы менен ушул тапта абакта кармалып, санитардык бөлүктө даарыланып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровго Талант Мамытов, Жаныбек Бакчиев болуп чогу кирдик. Абалы жакшы экен. Учурда врачтардын көзөмөлүндө тургандыгына күбө болдук. “Эч кимге доо арызым жок. Туугандарыма айтып койгула, эч кандай митинг-пикет кылбасын, мени коркутуп –үркүтүүлөр болгон жок”, — деп айтты бизге. Учурда палатада экен.

-Эки күзөтчү кайтарып турат деди эле?

-Күзөтчүнү көргөн жокпуз, палатада жалгыз эле экен.

-Садыр Жапаровду УКМК которуу боюнча бийлик тарабынан сүйлөшүүлөр жүргөн жокпу?

-Эртең, 6-апрелде сот болот. Аны сот чечет.

-Жапаровду алдына көргөндө кандайдыр бир коркуу сезимдерин байкаган жоксузбу?

-Жок, жакшынакай болуп сүйлөп олтурду.

Дегени менен бүгүн эле Садыр Жапаровдун жактоочулары маалымат жыйын өткөрүп, Жапаровдун тагдыры коркунучта экендигин жарыя кылып, ден соолугу талапка жооп бербей тургандыгын айтып, үй камагына чыгарууну талап кылды.

Эске сала кетсек, 2-апрелде Жаза аткаруу тергөө абагында экс-депутат Садыр Жапаровдун мойнундагы күрөө тамыры жана сол колундагы кан тамыры кесилип, оор абалда 47-колониянын санитардык бөлүмүндө жаткырылган. Учурда абалы жакшы.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости