Миллиардердин баласын сүзүп алган кыргызстандык таксистке өкүм чыкты

Миллиардердин баласын сүзүп алган кыргызстандык таксистке өкүм чыкты

Кыргызстандык таксист Исламбек Акбаров Москвада унаа менен адамды сүзүп алган үчүн эки жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты КРдин россиядагы элчилиги тастыктады.

Маалымат боюнча, Москванын Таган соту өткөн жумада айыпталуучуга эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Тергөө учурунда кеткен мөөнөтүн эске алуу менен кыргызстандык жарандын түрмөдө жети ай отурат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын июнь айында Исламбек Акбаров жол кырсыгынын себепчиси болгон. Кырсыктын натыйжасында орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр каза тапкан.

Белгилүү болгондой, маркумдун туугандары айыпталуучуга нааразычылын билдирген эмес. Алар сот отурумунда айыпталуучу маркумдун эстелигин коюуга кеткен каражатты төлөп, узатуу зыйынатына да материалдык жактан жардам бергенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости