“Мекенчил” партиясынын теңтөрөгасы, жаш саясатчы Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды

“Мекенчил” партиясынын теңтөрөгасы, жаш саясатчы Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды

“Мекенчил” партиясынын теңтөрөгасы, жаш саясатчы Мелис Аспеков кайрадан камакка алынды. Аспековдун жактоочусу (адвокат) Динара Медетованын айтымында, азыр Мелис “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №48 мекемесинде”.

Администрациянын айтымында, Аспеков 25 март күнү, Садыр Жапаровдун колдоо митингинде медициналык маскачан байкалган, бул ички тартипти бузууга жатат деп түшүндүрүштү.

Ошол себептен Аспековго сөгүш (выговор) жарыяланып, андан тышкары ортодогу иш келишимди жокко чыгарышып, мындан ары калган жаза мөөнөтүн №48 жатак абагында улаанарын билдиришти.

Аспеков, жок, мен митинг күнү үйдө болгом, эч жакка барган эмесмин, деп туруп алса болмок. Эч ким далилдеп бере алмак эмес, капюшон менен маска кийип турган адамдын көзү эле көрүнөт да. Бирок “Биздин партиянын лидерин, мыйзамсыз чек ара бекетинен уурдап кетип жатышса, кайсыл бетим менен мен үйдө чыдап олтурам” деп көнбөй койду.

Азыр Мелистин акыбалы стабилдүү, учурда Мелис бир канча китеп жана тартынгыч (турник) жазаганга электрод менен керектүү тетиктерди алып келишин суранды, деп жактоочу Динара Медетова кошумчалады.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости