Меган Маркл алдап койгонун моюнуна алды

Меган Маркл алдап койгонун моюнуна алды

Герцогиня Меган Маркл “Форс-мажоры” телесериалында сынак учурунда алдап койгонун айтты. Бул тууралуу The Sun басылмасы билдирди.

Меган Маркл сынак учурунда АКШнын киноактерлорунун Гильдиясынын курамында тураарын айтып, алдап койгонун моюнга алды. Ал ошол учурда өзүн чыныгы алдамчыдай сезип кеткенин кошумчалады.

Меган Маркл ханзаада Гарриге 2018-жылы май айында турмушка чыккан. Ханзаада экөөнүн мамилеси ачыкка чыгып калганда, 2017-жылы ноябрь айында үйлөнүү сунушун киргизген. Үйлөнүү тоюнан бир жыл өткөндөн кийин эркек бала төрөгөн. Наристени Арчи Харрисон Маунтбаттен-Виндзор деген ысым коюшкан.

2016-жылы Маркл актерчулук жаатында иштеп жүргөн. Ага “Форс мажоры” телесериалында Рэйчел Зейндин жараткан ролу популярдуулукту алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости