ВИДЕО-Матраимовду күнөөлөп президентке арызданган Төлөгөн Рахманберди уулу- уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

ВИДЕО-Матраимовду күнөөлөп президентке арызданган Төлөгөн Рахманберди уулу- уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

«Райымбек Матраимовду» каралоо планы башталды. Жакында боло турган шайлоонун шарапаты, шым кийгендерди юпка кийгизип, ал тургай акчанын кесепетинен айрым эркектер көз жаш алып, көйнөк кийгенге даяр болушат.

Башталды, мына башталды…

Эсиңиздерде болсо 2019-жылдын 21-сентябрь күнү Төлөгөн Рахманберди уулу бутуна ок жеп ооруканага түшкөн. Шектүү катары Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев айтылган болчу. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева тараткан эле. Ошентип ары-бери болуп жатып Төлөгөн Рахманберди уулу арыз жазуудан баш тартканын жергиликтүү OshPortal жазып чыкканы жалпыбызга маалым болгондон кийин, көп өтпөй Төлөгөн Рахманберди уулу ооруканада керебетте чалкалап жатып алып, «…тапанчы таап алдым, көрүп бербейсизби деп айтты, көрүп атып, ошол жерден өзүмдү-өзүм басып алдым», деп колунун учу менен «жан жерин» көрсөтүп, «мобул жактагы саныма басып алдым» деген.

Ошондо Төлөгөн Рахманберди уулу видеотасмада өзү көрсөтүп айткандай «жан жерин» атып алдыбы «санын» атып алдыбы түшүнүксүз болуп калган. Эми кайрадан эле түз эфирде Төлөгөн Рахманберди уулу. Ал соцтармакка президент Сооронбай Жээнбековго видеотасма аркылуу кайрылды.

«Мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканга түшүнбөй калдык. Себеби 5-6 ай мурда Райымбеков Нурбектин балдары атып кеткен. Андан кийин Сапарбаев Кылыч келип коркуткан. 3-4 ай өткндөн кийин өзүм араң балдакчан жүрсөм мени каматабыз деп коркутуп жатышат», деди. Ал өз сөзүндө Нурбек Райымбековду бир нече жолу атаган, ошондо ал Нурбек Райымбековду Райымбек Матраимовго алмаштырып алган жокпу? – деген суроо жаралат.

Ошентип, жакында шайлоо келе жатат, кара пиар күч алат, аялдар артта калып, айрым эркектер «монолог» аткарбасаңар болду. Анткени каалайбызбы же каалабайбызбы бул жолку шайлоодо элдин көңүл борборунда Райымбек Матраимов гана болот.

А баса, баса, унутуп калган турбайбызбы, билесиңер да «Республика Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев, “Өнүүгү-Прогресс” партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповду сабап салды, деп шайлоодон четтетилген.

Ошондо солокмондой болгон Абдыманап мырза, так ушундай керебетке жатып алып, «кыңылдап» сүйлөп, «ах», «ох», «өлдүм, өлдүм» деп онтогон эле. Кызыгы так эле ошол «ыценарий» кайталанып жатканына бир чети күлкүң келсе, бир чети «жиниң» келет…

Акыркы жылдары айрым кыргыздын жигиттери назик болуп бара жатышат. Тээ илгери ата-бабалар «эр жигиттин ичине ээр токумдуу ата батат» дечи, азыр айрым солокмондой жигиттер «атасына» арызданып жатканы орусча айтканда «позор» эле!

«Кыстати» тиги Төлөгөн Рахманберди уулу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени расмий катталган. Андыктан Матраимов десе, «монстрды» элестетип, Төлөгөн мырзага окшогон айрым мырзалар, түнү «жүрү, чүш кылып келебиз», десе «байбайм, койком, бөө бай», деген жаш баладай болуп, өз ара ички чырыңарга «айтында Йаым бай, Ыйым уйду»,(артында Райым бар, Райым урду) деп Матраимовду улам аралаштыра бербей, Мээрбек Мискенбаев айткандай «тата-пата» дебестен маселеңерди «эркекче» чечишип алсаңар болобу же сөзсүз шымыңарды башыңарга кийип, сыртка чыгып кыйкырган шартпы?… Жигиттик намысты баарына жогору койсок, жакшы болмок беле!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости