Майк Помпео Кытайдагы мусулмандардын тагдырына санаа тартаарын билдирди

Майк Помпео Кытайдагы мусулмандардын тагдырына санаа тартаарын билдирди

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстандагы иш сапары учурунда Кытайдагы уйгурлардын укугун коргоо маселесин козгоду. Ал бардык өлкөлөрдү, анын ичинде Орто Азия мамлекеттери Кытайдагы мусулмандарга каршы репрессиялык саясаттын токтошун талап кылуу керектигин билдирди.

“Биз казак кесиптешибиз менен кытайдагы 1 миллиондон ашуун уйгур, казак мусулман элинин тагдыры тууралуу сөз кылдык. АКШ бардык өлкөлөр Кытайдын репрессиялык саясатына каршы позициясын билдириши зарыл. Куугунтукка алынгандардын инсандык намысы тебеленбеши керек”, — деп билдирди Помпео.

АКШнын Мамлекеттик катчысы андан сырткары Ташкент шаарында С5+1 форматында өтө турган Орто Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости