Лондондогу террордук кол салуунун видеосу жарыяланды

Лондондогу террордук кол салуунун видеосу жарыяланды

Кечээ, 02-февралда Лондондун түштүгүндөгү Стертем районунда белгисиз адам бычак менен элге кол салды. Бул тууралуу шаардык полиция Твиттердеги баракчасынан террордук кол салуу деп билдирди.

Маалыматка ылайык, кол салган адам полиция кызматкерлери тарабынан атылган. Кырсыктан эки адам жарадар болгон. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Окуянын чоо жайы такталып жатат.

Кылмышкер дарыкананын жанында өлтүрүлгөн. Кырсык болгондо жолдордун баары жабылган. Кишинин денесинде жардыргычка окшош түшүнүксүз долбоордун предмети табылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости