Кытайдагы 300 кыргыз жаранын бири дагы коронавируска чалдыга элек. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абрахманов билдирди

Кытайдан келе албай калган 300дөй кыргыз жараны бар

Кытайдагы 300 кыргыз жаранын бири дагы коронавируска чалдыга элек. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абрахманов билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда кытайда 300 кыргызстандык бар. Алардын 23ү жумуш боюнча барса, 12си үй-бүлөлүк абалына байланыштуу, бирөө жеке сапар менен барган. Калган студенттердин көпчүлүгү кышкы эс алуу учурунда чыгып кетишкен. Көңшу өлкөдөн келе албай калган кыргыздар менен ТИМ телефон аркылуу байланышып, ден соолуктарын сурап тактаган.

Белгилей кетсек, Кытайда жайылган коронавирустан учурда каза болгондордун саны 2345ке жетсе, ооруну жуктургандардын саны 76миңден ашты. Ошол эле учурда 20 миң 659 адам ооруканадан дарыланып, айыгып чыккан.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.
Булак: NazarNews.kg

Назар Новости