Кыргызстандык спортчу кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык спортчу кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандык Марат Мусаев кикбоксинг боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.

Турнир Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү. Катышуучулар дүйнөнүн эки жолку чемпиону Нуболат Рысмагамбетовдун байгесине мелдешке чыгышкан. Кыргызстандын атынан эки спортчу барган. Марат Мусаев 51 кг салмактагы эң мыкты мушкер аталды.

“Биз Бишкекте жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы өтө турган ачык чемпионатка даярданып жатабыз. Ал 28-февралдан 1-мартка чейин өтөт”,-деп федерациядан кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости