Кыргызстанда автогаз кымбаттады

Кыргызстанда автогаз кымбаттады

Кыргызстанда автогазга болгон баа жогорулады. Бул тармактагы эксперттер көмүр кычкыл газына болгон баа келээрки айларда дагы туруктуу болбой, баалар жогорулашы мүмкүн экендиктерин айтышууда. Нефтетрейдерлер ассоциациясынан болсо “буга чейин рынокто автогаздын жетишпесиздиги байкалып, эми аны ташып келүү кайра жанданды, бирок баасы 2-3 сомго көтөрүлдү. Бул Кыргызстандагы өндүрүүчү заводдордогу сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу. Анткени, өндүрүүчү заводдо баа көтөрүлсө ал рынокто дагы көтөрүлөт”, -дешет ассоциациядан.

Акыркы учурларда кыргызстандык айдоочулар май куюучу жайларда автогаздын жетишсиздигин байкашкан. Анын бирден-бир себеби, Казакстандагы заводдор көгүлтүр отко бааны жогорулаткандан кийин кыргыз тарап жаңы келишим түзүүгө жетишпей калган. Азыр болсо ал жанданды, жакынкы күндөдө республиканын бардык май куюучу жайларына унаа отуну жеткирилет.

Белгилей кетсек, күйүүчу майга салыштырмалуу автогаздын баасы төмөн болгондугуна байланыштуу көп айдоочулар автогазга өтө баштаган. 2017-2019-жылдар аралыгында көгүлтүн от менен жүргөн унаалардын саны 15 миңден 60 миңге чейин жеткен. Бул республикадагы унаалардын жалпы санынын 5 пайызын түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости