Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазут ташый баштады

Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазут ташый баштады

Кыргызстан Грузияга темир жол аркылуу мазут ташый баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, “2019-жылдын декабрында Ташкентте, Азербайжан, Грузия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын темир жол башчыларынын жолугушуусу болгон.

Анда тараптар «Азиялык-тынчокеандык аймактарга кирген Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Түркмөнстан — Азербайжан — Грузия — Европа» мультимодалдык эл аралык каттамды өнүктүрүү жана контейнерлик поезддерди ыкчам өткөрүү жолун жана бирдиктүү бажы төлөмүн киргизүүнү талкуулашкан. Бул Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн арасындагы гана эмес, Европа жана Азиянын башка мамлекеттери менен болгон сооданы жакшыртууга негиз болоорун айтышкан.

Белгилей кетсек, 49 цистерна мазут жүктөлгөн алгачкы поезд 21-январда Кара-Суу районунан Батумиге Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан аркылуу жеткирилген. Биринчи каттам ийгиликтүү ишке ашкандан кийин Кара-Суудан дагы бир поезд 48 цистерна менен жөнөтүлдү,”-деп айтылат маалыматта.

Учурда дагы бир партия жөнөтүлүү алдында турат. Мында мазут-100 экспорттолмокчу. Жүктү «Кыргызнефтегаз» ААКы жөнөтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости