Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болду

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча кабыл алган чаралары тууралуу маселе талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жарыялады.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу жыйынтыктары тууралуу, «2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын 2019-жылы аткарылышы талкууланып, 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн Программасын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш аракеттеринин планы бекитилди.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости