Кувейт коронавирустан улам Кыргызстанда өтө турчу чемпионатка келбей калды

Кувейт коронавирустан улам Кыргызстанда өтө турчу чемпионатка келбей калды

Кувейт коронавирустан улам Кыргызстанда өтө турчу хоккей чемпионатына келбей калды. Бул тууралуу Шайба менен ойнолчу хоккей федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кувейт мамлекетинде коронавирус аныкталып, карантин жарыялангандыгына байланыштуу Кыргызстанда өтө турган хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышпай турган болду. Буга байланыштуу Кувейттин командасы оюнга келүүдөн баш тартты деген негизде автоматтык түрдө 5:0 эсебинде жеңилди деп табылат.

Эске сала кетсек, 24-февралда коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости