Күнболот Момоконов, журналист: "КЕНТАВР”

Күнболот Момоконов, журналист: "КЕНТАВР”

Жакшы кино жаралыптыр. Аты “Кентавр”. Тарткан режиссер азыркынын кино жаратманы Актан Арым Кубат. Тасма Европа аймактарынын бир нече шаарларына коюлуп, өзүнүн көрармандарын таап, кызыктуу ойлорду, өзгөчө кыргыз элинин атка болгон мамилесин даагы бир ирет дүйнөгө таанылгандыгын жаратман белгиледи. 14-мартта шаарыбыздын кино жайларынын биринде чакан топко көрсөтүлүп, тасма туурасында азыноолак ой-пикирлер айтылды. Бул иш чаранын коногу катары кино сынчысы эмес, жөнөкөй көрүүчү катары өз оюмду билдирүүнү туура көрдүм.
Кентавр-бул байыркы гректердин ат менен адамдын айкалыштырган, тагыраагы адамдын жарым денеси аттын келбетиндеги мифологиялык түшүнүк. Сыягы байыркы гректер деле кыргыз эли сыяктуу “ат адамдын канаты” деген түшүнүктө, анын колдоочусу жана ыйыктыгы бар экенине ишенишкен. Актан Арымдын тасмасындагы окуялардын, байланыштардын өзөгүн дал ушул жылкы жаныбары түзүп, кыргыздын атка болгон улуу касиетин, ал чындап эле адамдын канаты экенин, керек болсо ал биздин каныбызга сиңип калган касиеттүү көз караштын аймагында, улуу күчкө эгедер экенине ынанууга, максатына жетүүдөгү андагы ыйыктыктын күчү адамдын ойлоосун камсыздай ала тургандыгын да ачып берүүгө болгон далалат байкалат. “Адамдын кай жери ооруса, кудай ошол жерде” деген сөз бар. Анын сыңары, тасмада кыштактардын биринде жупуну, колунда кыйраткан байлыгы жок, бар байлыгы дудук аялы менен 4-5 жашка чыгып, бирок тили чыкпаган баласы бар кыргыз жигити (тасмадагы бул каармандын атын унутуп калдым, тасма азырынча көрүүчүлөргө чыгарылбагандыктан интернет же башка жактардан табууга мүмкүн болгон жок )тууралуу баяндалат. Тасманын башы кыштактагы кыйын чыкма, акчасы бар, бай жаш жигиттин чет мамлекеттен 50 миң еврого алып келген атын уурдаган жупуну жигит, айылдын четиндеги кенен талаада атты минип эки колун асманга көтөрүп, көктөн жалынып жардам сурагандай. Бул окуя тасманын башталышы болгон менен, негизги өзөктү өзүнө камтыйт. Албетте, уурулук адам баласынын жашоосунда жакшы иш эмес. Ошентсе да тасма жаратуучунун берейин деген ою, жеке менин түшүнүгүмдө такыр башкада. Үйүндө үрүп чыгаар ити жок бул жигит алгач айылга тынчтык бербеген чоң ууру катары элес калтырат. Бирок, ал атты алып чыгып, союп же сатып жеке кызыкчылыгына пайдаланып эмес, ар дайым өзүнүн көнүмүш адатынча ал аркылуу улуу ишенимин, теңирден бир нерселерди тилөө менен чектелгенинде. Ал аркылуу өз ишеними акталат деген үмүттө. Мунун себеби, сыягы “а” деп айта албаган, окуюн деп калса да тили чыкпаган уулунун “ата” деп айтса арманым болбос эле деген тилегине байланыштуу го! Тасманын негизги өзөгү менимче ушунда. Тасма аягында бул тилегинин аткарылгандыгы, бирок жакшынын эмес жамандын шарапаты менен тилегин кабыл кылгысы келген жупуну жигиттин тагдыры, уулунун “ата” деп айтканын кулагы чалбай калганында. Менимче, режиссер табияттын мыйзамы, жакшы менен жаманды ажырата билүүдө, адашкан жолдун акыры жаман менен бүтөөрүн тасманын бул кичине эпизодунда дагы берип, бирок жылкы баласынын колдоочусу Камбар атанын касиетин, өзүнүн өмүрү өлүм менен коштолуп, бирок уулуна тил бүткөнү менен бергиси келгендей. Бул тасманын аягында айтылчу сөз…
Тасмада бир топ эпизоддор азыркы заманды жашоо шартына шайкеш келип, анда эрди-катындын мамилеси, кыштактагы кыйын турмушту, сары чай менен олтурган, бирок бактысына байлыгы баласы экенин сезген үй-бүлөлүк абалды, турмуштун кер-муруна каршылык кылып, каз-катар тизилип колунда барын сатып соодачылык кылып жан баккан аялдардын орду, көралбастык же ушак кеп менен айкалыш аялдардын ар бир жердеги табиятынан жаралган мүнөз экенин, эринен эрте ажыраган жесир аялдын сүйүүсүн көкүрөгүнө көп жыл катып жүргөнүн тасма таасын ачып бергендей. Муну менен бирге динге болгон мамиледе камтылып, эсил кайран СССР кулагандан кийин, ал кездеги кароосуз калган клубду айылдын мечитине айлантып, айылдагы жаштардын динге болгон мамилесин да дааналаган. Диний түшүнүктүн кенен жайылуусу менен айылдагы жаш-кары дебей мечиттерге барып, ал турсун алардын айрымдары Меке, Мединага барып ажылык милдетин аткарууга аракетин көрүп, айылдагы колунда бар адамдардан жардам сурагандыгы, көзүнө Көкө Теңир эмес, көк акча, кымбат машина, асыл тукум жылкы байлык болгон “сасык байдын” динге, улуу ишенимдерге болгон мамилеси, улуулукту өз кызыкчылыгына пайдалангысы келген көрпенделиги да тасмада берилиптир. Албетте, молдо десе эле таруудай таза эместигин бул турмуштун айрым барактары ачыктап жаткандыгы, “молдонун айтканын ук, кылганын кылба” деген түшүнүктүн айланасында дагы айрым эпизоддор камтылган. Анда айылдагы жаш эле жигиттин сакал коюп, дамбал кийип кудай жолунда жүргөнү менен өз аялына келгенде, аны менчигиндей кагып силкип, каарданганы да бар. Ачуусу менен ажы болгусу келген молдонун оозунан “эй энеңди” деп эдиреңдегени, турмушубузда болуп эле жаткан көрүнүштөр. Тасмада бу да бар…

Сөз башында айтылгандай, өзүнүн мүдөөсүн, эч кимге ачыктабай арман күү чалып жүргөн жупуну кыргыз жигитинин канында каалап турган жылкы жаныбары аркылуу өз көксөөсүн канаатандыргысы келгенин, бирок ал уурулугу менен буларды ишке ашырганы тууралуу кеп болгон. Айылда бул жигитти кай бир күндөрдө колго түшүрүп, аттын ээси өз аталаш иниси болгонунан уламбы, анын сырын билгиси келген инисинин жекече сүйлөшүүсүдө, жупуну жигиттин атка болгон аяр мамилеси, адамдардын жылкы жаныбарына кылган наадандыгы, аесуз аларды союп жаткандыгын айтып, Камбар тукумунун убалына убайым тартып жүргөнүн айткан ууру атыккан жупуну жигиттин ыйламсыраганы чындап эле ойлондурбай койбойт. Бул жерде “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген нерсе такыр ойдон учууга аргасыз. Анткени, ушундай уурулугу менен айыл элинин чечими менен айылдан чыгарылып аткан башкы каармандын тагдырынын орду такыр башкада. Ал чындап эле жылкы баласынын эркин болуусун, аз да болсо азаптардан кутулуусун, жал-куйругун сеңселтип жалындап учуп чуркагандыгын, ошондон өзү да канагат алып калаарын тасма жаратманы сыягы бул жагынан да бергиси келген. Болбосо, уурдаган жылкыларды ал эч качан өз кызыкчылыгына жумшаган жок. Ээн талаада шамалдай учуп, ат жалында жалбыртап күйүп, өзүнүн атка болгон ыйык түшүнүгүндөгү көксөөсүн кандырганы болбосо, андан жылкы ээлери зыян тапкан жок. Эпизоддордун биринде, анын жылкыга болгон аяр мамилесин, капаста турган жылкыларды өзүнүн көнүмүш адаты менен акырын жашырынып келип, кое берип жиберген жери таасын сүрөттөйт. Эгер анын оюнда башкалардын түшүнүгүндөгүдөй уурулукту кесип кылса, анда ал чаңкайдын чак түшүндө, камалган жылкы жаныбарын бошотуп жибербейт эле. Бул дагы тасма жаратманынын купуя сыр камтыган, баштагы ууручулукту жокко чыгарып, анын атка болгон мамилесин ушундайча бергиси келген.
Тасманын маанисин, анан калса өзөгүн дал ушул жердеги окуялар түзөт. Капастагы жылкылар, казактан жылкы тийген, айылдын чоң уурусунун уурдап келген жылкысы болгон. Жылкыны бошоткон башкы каарманды кудайдан, бирөөнүн көз жашынан, уурулугун убал-сооптон жогору койгон эргулдун артынан кубалап барып атып өлтүргөнү, ок тийген жупуну жигиттин жер кучактап кулаганы, ошол кезде узун көпүрө үстүндө атасын көрүүгө ашыгып келе жаткан уулу да жерге кулап, улуу күчтөнбү, айтор “атааа” деп ага тил бүткөнү тасманын негизин түзөт. Ооба, ал өз уулунун “ата” деген үнүн укпай калды, бирок Камбар атанын касиети, жылкы баласына болгон анын аруулугу, мамилеси баласына тил бүткөрдү. Ал өз өмүрүн баласынын бактылуулугуна алмаштырды. Уурунун колунан ажал тапты. Жылкы баласына болгон касиеттин ишеними акталды. Бирок, ал аны өзү сезбей, көрбөй калды. Сыягы тасма, бекеринен “Кентавр” деп аталбаган сыяктуу. Мифтик, культук көз караштар менен али да жашап жүргөндүгүбүз чындык. Мындай ишеним баары бир каныбызда бар. Бирок, реалдуу турмуш дайымат анын үстөмдүгүндө. Булар албетте менин жеке көз караштарым. Тасма 26-мартта жалпы коомчулукка тартууланып, тушоосу кесилгени турат. Сынчылар ошондо ой айтаар.

Күнболот Момоковдун жеке көз карашы Фейсбук баракчасынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости