Коррупция … Ууру…Ураа! Дегеле кыргыз оңолбойт, тескери мыйзам, Парламент, Текеси менен жоголбой

Коррупция... Ууру...Ураа! Дегеле кыргыз оңолбойт, тескери мыйзам, Парламент, Текеси менен жоголбой

Кадырбек акын ой айтсын,
Калыстыгын Камчы “Вор” айтсын.
Карышкырды ууру сенсиң деп,
Кантип эле байкуш кой айтсын.

Уурунун бийлик колунда,
Уурулук мыйзам жолунда.
Мындайды айтчу кыргыздар,
“Мышыкка чычкан оюн да”.

Коррупция… деп эле наалыйбыз,
Кор башыларын деле тааныйбыз.
Түшүнүп көрүп турабыз,
Түбүнөн качан таарыйбыз?!

Шайы оогон кезде карысы,
Шайланат эртең жаңысы.
Ууруларга алы жетпеген,
Улуттун барбы намысы?!

Уурудан коркпой коёндой,
Учурса болот бороондой.
Дегеле кыргыз оңолбойт,
Тескери мыйзам, Парламент,
Текеси менен жоголбой.

Автор: Кадырбек Керимбаев

Булак: «NazarNews.kg»

Назар Новости