“Ахал” Туркмөн футбол клубу Кыргызстанга коронавирус оорусун жуктуруп алабыз деп коркуп матчка келген жок. Бул тууралуу Кыргыз Премьер-лигасы өзүнүн Инстаграм баракчасынан билдирди.
Азия футболунун конфедерациясынын (АФК) матчы бүгүн, 5-февралда Жалал-Абадда саат 14:00дө башталмак. 3-февралда “Ахал” АФКга Кыргызстан Кытай менен чектешээрин эскерип, коронавирус оорусунан улам, оюнду жылдыруу өтүнүчү менен кат жөнөткөн. Конфедерация Жалал-Абадда өтө турган оюнга “эч кандай коркунуч жок” жана матч өз убактысында өтүш керек деп жооп беришкен.
Мындан улам, АФК “Ахалга” 3:0 эсеп менен техникалык жеңилүү деп билдире алат. Азербайжандын «Нефтчи» футбол клубу аталган оюнда катышып жаткандыгынын себеби, өткөн жылы Кыргызтандын кубогун утуп алган.
Булак: NazarNews.kg