Коронавирус Голливудду кыйратып жатат! Том Круз вирустун айынан банкрот болгону турат

Коронавирус Голливудду кыйратып жатат! Том Круз вирустун айынан банкрот болгону турат

“Миссия невыполнима” тасмасынын жетинчи бөлүгү голливуд жылдызы үчүн башкача болуп калышы ыктымал: Том Круздун алдыдагы актердук карьерасындагы пландары ишке ашпай калышы мүмкүн. Бул тууралуу “ВЕРСИЯ” агенттиги жазып чыкты.

Вирус учурда Италиянын бүткүл түндүк аймагын каптады. Тасманы тартып жаткан райондон дагы коронавирус чыккан. Paramount Picturesтин бардык өкүлү белгилүү актер менен биргеликте мейманканын ичинде карантинге алынышты. Коронавирус барган сайын дүйнө жүзүнө каптап, Голливудду талкалап жатат! Том Круз вирустун айынан биринчи банкрот болуп калышы толук ыктымал.

Бактыга жараша “Миссия не выполнима 7” тамсасын тартып жаткан топтун ичинен эч кимден вирус чыккан эмес. Бул жалгыз жакшы нерсе деп саноого болот. Аларды канча убакыт карантинде кармашары белгисиз. Ошондой эле, тасма тартып жаткан топту АКШга келгенде эмне күтүп турганы да белгисиз.

Бирок, Том Крузду эмне күтүп турганын алдын ала айтууга болот. Актер чоң бюджет менен тартылып жаткан “Миссия…” тасманын уландысын белгисиз мөөнөткө “учурушу” мүмкүн. Андан ары болсо, актердон вирусту жугузуп алабыз деген кооптордон улам, голливуд коомунан жөн эле чыгып калышы толук ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости