Тиричиликтик деңгээлдеги чыр тез эле эки элдин ортосундагы жаңжалга айланып, ондон ашык адамдын өмүрүн алды, жарадарлар андан көп болду, ондогон үйлөр, дүкөндөр өрттөлдү. Анын конкреттүү себептери, күнөөкөрлөр иликтенип, талданып аныкталып, укуктук баа берилет деңизчи. Бирок, мында биз постсоветтик мейкиндиктеги мурдагы СССР деген улуу державадан калган этникалык саясат түп тамырынан өзгөртүлбөсө, Казакстанда гана эмес, башка республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да андай потенциалдуу коркунучтар жашай бере тургандыгын баса көрсөткүбүз келет.
Мурдагы советтик мезгилде Союздун аймагында жашагандардын бардыгы орус тилинин жана маданиятынын негизинде интеграцияланып, акырындап бирдиктүү совет эли деген суперэтнос түзүлүшү керек деген саясат жүргүзүлгөн. Советтик империя кыйрады, бирок ага мураскор болгон республикалардын айрымдарында, тактап айтканда Казакстанда, Кыргызстанда жаңы реалийлердин негизинде этносторду ичтен интеграциялоо боюнча саясат жүргүзүлбөй жатат. Мисалы, Кыргызстанда дунгандардын орун очок алгандыгына 150 жылга жакын убакыт болду, мүмкүн андан да ашкандыр, бирок кыргызча таза сүйлөгөн дунганды көрө элекпиз. Кыргызча чала-бучук билгендери деле мамлекеттик тилден орусча сүйлөгөндү артык көрүшөт. Ал эми Кордайдын Масанчи айылында жашаган дунгандар да дайыма казактардан обочолонуп жашашкан, казак тилин билишпейт, маданиятына кызыгышпайт. Мындай көрүнүш титулдук элдин өкүлдөрүнө жакпайт, нааразы кылат. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, азыр кайсыл бир чет өлкөгө барып убактылуу иштей тургандардан деле биринчи кезекте, ошол мамлекеттин негизги тилин билүүнү талап кылышат. Тилин билгиси, маданиятына кызыккысы келбегендерди тез эле келген жагына кайтарып жиберишет. Маселен, орус тилин билмейинче — Россияга, англис тилин билмейинче — АКШга барып, жашап иштегенге болобу? Жок! Ооба, Казакстандагыдай эле бизде деле этностор аралык тил катарында орус тили эсептелип келген. Расмий жетекчилердин, өзгөчө майда этностордун билермандарынын, окумалдарынын арасында дагы деле ал көрүнүштү өзгөрткүсү келбегендер толтура. Бирок, мурдагыдай бир державанын бир бучкагы эмес, көз карандысыз өзүнчө мамлекет болгондон кийин этносторду титулдук элдин тилинин, маданиятынын базасында интеграциялоо боюнча активдүү саясат жүргүзүлүшү зарыл. Болбосо биринчиден, андай мамлекеттин келечеги өтө эле күмөндүү болуп калат, экинчиден, этностордун өкүлдөрүнүн арасында өз ара пикир келишпестиктер, нааразылыктар азайбайт. Тил билбегенден улам өлкөнүн ичиндеги саясый, маданий процесстерден четте калган сайын майда этностордун арасында ич күптүлүк, титулдук этностун өкүлдөрүнүн арасында аларга карата нааразылык күчөй берет да бир шылтоо табылган күнү ал Кордайдагыдай чыр-чатактарга, жаңжалдарга айланат. Муну Казакстанда гана эмес, Кыргызстанда жашаган майда этностордун тургундары да түшүнүшүп, титулдук элдин тилине, маданиятына, менталитетине карата мамилелерин өзгөртүшсө, биринчи кезекте өздөрүнө жакшы болмок. Дунгандар ХIХ-кылымдын экинчи жарымында ислам динин кабыл алышкандыгы үчүн ошол убактагы кытай төбөлдөрүнө жакпай, кырылып калаарда бир нече толкунда Чүйгө, Ош-Анжиян аймагына ооп келишкен. Ош тарапка келгендери эбак өзбектерге аралашып, сиңишип кетти. Ал эми Кыргызстанда, Казакстанда жашагандары чоң-чоң диаспораларга айланышты. Бирок, алардын казактардын, кыргыздардын тилдерине, маданиятына таптакыр ынтааыклас кылышпай, аралашпай, обочолонуп жашап келатышкандыгы да чындык. Мына ошондон улам Кыргызстанда, Казакстанда кез-кезде ар кандай деңгээлдерде этностор аралык жаңжалдар болуп келатат.
Булак: “Майдан.kg”