Көп батирлүү үйлөргө багытталган электр энергиясын соода, өнөр жай объектилерине берүүгө тыюу салынат

Көп батирлүү үйлөргө багытталган электр энергиясын соода, өнөр жай объектилерине берүүгө тыюу салынат

Бүгүн, 27-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жер пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электрэнергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктерижөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э.

Аталган маселе боюнча демилгечилердин бири депутат Жыргалбек Турускулов бандама жасады.

Мыйзам долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу төмөнкү ченемдерди киргизүү каралган:

— калктуу конуштардын жерлери категориясынын аймагында жерлердин башка категориялары болушу мүмкүн жөнүндөгү ченем;

— турак жана өнөр жай объекттериндеги бөлмөлөрдү кайра курууга шаар куруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүү жөнүндө ченем;

— көп квартиралуу үйлөрдүн жашоочуларына (турак жайдын менчик ээлеринин шериктештерине) электр энергиясын башка турак, соода жана өнөр жай объекттерине берүүгө тыюу салуу жөнүндө ченем;

— турак жай менчик ээлеринин шериктештерине үйдүн тегерегиндеги участок жагынан кандайдыр-бир коммерциялык аракеттерди жасоого тыюу салуу жөнүндө ченем.

Мыйзам долбоору 3-окууда талкуусуз жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.

Назар Новости