Коопсуз шаар» долбоорунан бир жылда 600 миллионго жакын сом түштү

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айып пулдан, казынага бир жылда 592 миллион сом түштү. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-январда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтканына таянсак, «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдын март айынын тартып, жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдун жалпы суммасы 592 миллион сомго жеткен.

Камера орнотулган жерлерде жол кырсыктары дээрлик 50% азайып, бул көрсөткүч Бишкекте 41,9%, Чүй облусунда 54,8% түздү.

Ички иштер министрлигинин өткөн жылдын октябрь айындагы маалыматы боюнча, 2019-жылы тогуз айда өлкөдө 4694 жол кырсыгы катталып, көрсөткүч 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 12,3% көбөйгөн.

Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган айдоочуларды каттаган жана адамды жүзүнөн таануу функциясы бар видео байкоо камералары орнотулган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости