Коомдук жана мамлекеттик ишмер Зулпуев Мейраждин дүйнө салды

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Зулпуев Мейраждин дүйнө салды

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Зулпуев Мейраждин 78 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.

Мейраждин Зулпуевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, деп өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков С. Ш., Жумабеков Д. А., Абылгазиев М.Д., Боронов К.А., Мадумаров А.К., Асрандиев Э.Ш., Өмүрбекова А.С., Марипов У.А., Кылжыев С. А, Айдарбеков Ч.А., Жунушалиев К.А., Жаманкулов М.Т., Жеенбаева Б.Ж., Чодуев Э.К., Аскаров З.М., Бейшенов Ж.С., Чолпонбаев К.С., Жаманкулов А.К., Тердикбаев Э.К., Осмонбетов Э.К., Бейшенов Ж.С., Исаков К.А., Опумбаев О.Н., Зулпукаров Т.З., Сулайманов А.Т., Жамалдинов З.И., Мавлянова М.Э., Токторов А.С., Тагаев Э.С., Жылкыбаев У.К., Мамытов М.М., Тажибаев А.Т., Маматалиев Д. М., ж. б.

Белгилей кетсек, маркумду узатуу зыйнаты Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Каранай айылында 2020-жылдын 11-мартында саат 14:00дө өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости