Кир самындын “көбүгү” жана “Ата Мекендин” ЖКдагы өкүлү…

Кир самындын “көбүгү” жана “Ата Мекендин” ЖКдагы өкүлү…

Кечээ “АКИпресс” маалымат агенттигинде Кеңешбек Касымбеков аттуу жаран маалымат жыйынын уюштуруп, Жогорку Кеңештин депутаты, Ата Мекен депутаттык фракциясынын мүчөсү Эмил Токтошевди айыптады. Жыйындын жүрүшүндө К. Касымбеков Президентке жана АКС, УКМК, ИИМ, Финполдун жетекчилерине кайрылуу жолдоду.

К. Касымбековдун айтымында, Самат Раев жана Эмил Токтошев үчөө 2012-жылдан 2016-жылга чейин бизнес чөйрөсүндө чогуу иштешип келген. Ага чейин эле К. Касымбеков менен С. Раев Россиядан кир самындарды алып келип сатып, ишкердик жүргүзгөн. Кийин Э. Токтошев аларга өнөктөш катары кошулуп, ич ара адамгерчилик ынтымак мамиледе иштеп турушкан. Бирок кийинчерээк Э. Токтошев берки өнөктөштөрүн алдап, “финансылык текшерүү жүрүп калса көрсөтөбүз”- деген шылтоо менен жасалма документтерге кол койдурган.

Тактап айтканда, 2016-жылдын 30-январында Э. Токтошев өзүнүн “Бай Элим Компани” ЖЧКсынын атынан өтүп кеткен даталар (задним числом) менен 2 келишимге, 6 накладнойго, 1 актыга кол койдурган. Булар кайсы документтер: 1) 05.01.2015-жылдагы (бир жыл мурдагы дата менен) “Бай Элим Компани” менен К. Касымбековдун ортосундагы “Агенттик келишими”, 05.01.2015-жылдагы “Бай Элим Компани” менен С. Раевдин ортосундагы “Кепилдик келишими”;

2) 17.03.2015,19.04.2015, 22.05.2015, 04.06.2015, 14.06.2015, 23.06.2015-жылдардагы товар (кир самындарды) берүү-алуу накладнойлору;

3) 30.01.2016-жылга карата Салыштыруу актысы (Акт сверки);

Баса, белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы документтер бир күндө, 2016-жылдын 30-январында түзүлүп, тараптар ага кол коюшкан. Келишимдерге ылайык Касымбеков товарды Раев аркылуу ЖЧкдан алып сатат, ал эми Раев сатылган кир самындардын акчасы ЖЧКга өз мөөнөтүндө кайтарылбаса Касымбеков менен биргеликте жоопкерчилик тартат.

2017-жылы “Бай Элим Компани” ЖЧКсы Аламүдүн райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, жогоруда сөз болгон документтердин негизинде К. Касымбеков менен С. Раевден биргеликте 11628 818 сом өндүрүп берүү талабын койгон. ЖЧКнын негизги жүйөөсү — 30.01.2016-жылдагы салыштыруу актысы (актыда так ошол 11628 818 сом көрсөтүлгөн). Бирок, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө доогер доо көлөмүн 8268 000 сом, андан кийин 7268 000 сомго азайтат. Ал тараптардын ортосундагы “Салыштыруу актылар” менен далилденээрин көрсөтөт. Доогердин логикасы боюнча үч “Салыштыруу актысы” түзүлгөн имиш. Бирок, иштин ичиндеги материалдарда Кдсымбеков менен Раев кол койгон бир эле акты бар..

Аламүдүн райондук сотунун 11.10.2017-жылдагы чечими менен ЖЧКнын доосу канааттандырылган. Ишти апелляциялык тартипте караган Чүй областтык сотунун коллегиясы райсоттун чечимин бузуп, доо арызды кароосуз калтырган. Ал эми 05.09.2018-жылы Жогорку сот облсоттун чечимин бузуп, райсоттун чечимин күчүндө калтырган.

К. Касымбековдун колундагы турган, “ДЕМИР КЫРГЫЗ Интернэшнл банкынан” алынган кассалык бир нече ордерлерге ылайык С. Раев тарабынан “Бай Элим Компани” ЖЧКсынын эсебине которулган акча каражаттарынын суммасы доодо көрсөтүлгөн суммадан алдаганча көптүк кылат. “Демек, С. Раев экөөбүздүн депутат Э. Токтошевге да, ЖЧКга да эч кандай карызыбыз жок. Ал биздин ишенимден пайдаланып алдап, азыркы кызмат абалынан кыянат пайдаланып, соттор аркылуу өзүнүн пайдасындагы чечимдерди чыгартып, менин Тойота-Секвоя үлгүсүндөгү баасы 23000 АКШ долларында турган автомашинамды жана Бишкектин Ынтымак конушундагы жеримди, анда салынган турак-жайымды рейдерлик жол менен тартып алганы жатат. Буга сот органдарынын мыйзамсыз чечимдери негиз болууда. Биз Аламүдүн райондук сотуна жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча арыз менен кайрылдык. Жакында сот тарабынан бул иш каралып баштайт” – деп билдирди К. Касымбеков.

Булак: “Жаңы Ордо”

Назар Новости