Хабибдин машыктыруучусу: Хабиб бул-кардиомашина, ал эми Фергюсон 5 раундга чыдайт

Хабибдин машыктыруучусу: Хабиб бул-кардиомашина, ал эми Фергюсон 5 раундга чыдайт

Хавьер Мендес-жеңил салмак категориясындагы UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу. Ал шакирти Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсонду салыштырып sportsdaily.ru.га айтып берген.

Мендестин айтымында эки мушкер тең 5 раундга созулган беттешке даяр.

Хавьер Мендес: “Хабиб бул-кардиомашина. Анда кеп эмнеде? Мен Фергюсонду айтып жатам. Ал 5 раунддук мушташка чыдайт. Ал эми Хабибдин кардиомашина экендигин айтпадымбы, андыктан Хабиб 5 раундка созулган беттешке кантип чыдабайт?!

Беттеш токтотулбайт деп ойлойм. 5 раунддук мушташты жана жеңүүнү болжолдоп жатам.

Биз бул беттеште жеңиш үчүн эң татыктуу атаандашка чыгууга даярданышыбыз зарыл. Татыктуу атаандаш бул-Тони. Каршылашты талкалоо үчүн аны, анын аракеттерин сыйлаш керек. Эгерде биз сыйлабасак, ал бизди талкалайт. Тони кардиосунун жардамында 5 раундга чыдайт, бирок Хабибдин чарчаганын уктуңар беле? Биз даярбыз.”,-деп маек берген ал.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов менен Фергюсон 18-апрелде Нью-Йоркто өтө турган UFC 249 турниринин алкагында кез келет.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости