Хабиб Нурмагомедовдун каршылашы бутунан жаракат алды

Хабиб Нурмагомедовдун каршылашы бутунан жаракат алды

UFC мушкери Тони Фергюсон чемпион Хабиб Нурмагомедовго каршы күрөшүү үчүн даярдануу учурунда бутунан жаракат алды. Бул тууралуу мушкердин машыктыруучусу Эдди Браво ММКларга билдирди.

“Жакында эле Тони кайра тизе муундарынан жараат алды. Чындыгында, мында анча деле коркунучтуу эмес, бир аз чоюп алды. Силер билесиңер профессионалдык спортто мындай майда жарааттар боло берет. Тони өзүнүн тажрыйбасы менен жараатын күчөтүп алат деп ойлобойм. Мен аны залда күнүгө көрөм жана ал жакшы формада”,-дейт мушкердин машыктыруучусу.

Хабиб менен Фергюсон октагондо 18-апрелде Нью-Йоркто жолугушат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости