Кениянын мурунку президенти көз жумду

Кениянын мурунку президенти көз жумду

Кениянын мурунку президенти Дэниэль арап Мои 96 жашында көз жумду. Бул тууралуу France-Presse басылмасы билдирди.

Саясатчы, 1978-жылдан 2002-жылга чейин африкалык мамлекетти башкарган Дэниэль арап Мои Кабарактагы өз үйүндө каза болду. Мурунку президенттин өлүмүн өлкөнүн бийлиги анонимдүү түрдө тастыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости