Кечээ кармалган активисти тергөөчүлөр кыйнап өлтүрүштүбү?

Кечээ кармалган активисти тергөөчүлөр кыйнап өлтүрүштүбү?

Социалдык маселелерди көтөрүп, жарандык укуктардын, эркиндиктердин сакталышы үчүн акцияларга чыгып жүргөн активист Дулат Агадил Казакстандын Нур-Султан шаарындагы тергөө абагында бүгүн, 25-февралда каза болду. Бул тууралуу казак маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 24-февраль күнү кечинде активисттер социалдык түйүндөр аркылуу Агадилди үйүнөн күчтөп автоунаага жарандык кийимчен адамдар салып кетишкенин билдирип чыгышкан.

Окуядан бир күн өткөн соң, активистин тергөө абагында каза болгонун полиция департаментинен кабарлашты. «Нур-Султандагы тергөө абагында кечээ кечинде алып келинген 43 жаштагы Дулат Агадил аттуу жаран каза болду. Болжол менен анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон. Денесинен көк-ала тактар табылган жок. Учурда сотко чейинки тергөө иши башталды», — деп жазылат маалыматта.

Дулат Агадилдин өлүмү тууралуу маалымат чыккандан кийин анын ондогон тарапташы убактылуу кармоочу жайдын алдына чогулуп, 22-февралдагы митингдин алдында жана ошол күнү кармалгандарды көрсөтүүнү талап кылышууда.

Эске салсак, 2019-жылдын ноябрдын ортосунда 43 жаштагы активист камактагы мөөнөтү аяктаганга бир күн калганда Акмолодогу убактылуу кармоо жайынан качып кеткен. Кийинчерээк ал абактан негизсиз куугунтукталып жатканына нааразылык билдирүү үчүн качканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости