Казакстанда жол кырсыгынан кыргызстандык жарандар каза болду

Казакстанда жол кырсыгынан кыргызстандык жарандар каза болду

Казакстандын Актөбе облусунда жол кырсыгынан кыргызстандык 4 жаран каза тапты. Бул тууралуу казак басылмалары Республиканын ИИМине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кырсык 16-январга караган түнүн 02:30дарда Самара-Шымкент жолундагы Иргиз айылында болгон. LADA 21 070 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу муздан рулду башкара албай калган.

Аталган унаа каршы тилкеге чыгып кетип Chevrolet Cruze унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен LADA унаасынын айдоочусу жана анын үч жүргүнчүсү ошол жерден каза болду, дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости