Карантинге алынган 18 жаштагы кыз каза болду

Карантинге алынган 18 жаштагы кыз каза болду

Россиянын Ленинград облусунун тургуну Италиядан келгенден кийин жашаган жери боюнча карантинге алынган. Ал газга ууланып каза болду. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыкты.

“Италиядан келгенден кийин жашаган жери боюнча карантинге алынган Ленинград облусунун Аро айылынын тургуну 22-март түнү газга ууланып каза болду”,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 18-жаштагы кыз “Тез жардам” кызматы келгенче эле көз жумган. Окуя газ жабдуулар орнотулган жертөлөсүндө болгон.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости