Каракол КМШ өлкөлөрүндөгү 10 мыкты курорттун катарына кирди. Бул тууралуу ТурСтат аналитикалык агенттиги,  россиялык туристтердин тоо лыжада  эс алуусу үчүн,  КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу курорттордун рейтингин түзгөн

Каракол КМШ өлкөлөрүндөгү 10 мыкты курорттун катарына кирди

Каракол КМШ өлкөлөрүндөгү 10 мыкты курорттун катарына кирди. Бул тууралуу ТурСтат аналитикалык агенттиги, россиялык туристтердин тоо лыжада эс алуусу үчүн, КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу курорттордун рейтингин түзгөн.

КМШдагы мыкты лыжа базалары Казакстан, Белоруссия, Азербайжан, Армения жана Кыргызстанда болгону айтылат.

Рейтинг аталган өлкөлөргө болгон саякат жана лыжа базаларынын сунуштоосуна жараша түзүлгөн.

Рейтингдин алгачкы ондугуна Казакстандагы Чымбулак, Алтай альптары жана Нуртау лыжа базалары, Белоруссиядагы Логойск жана Силичи, Азербайжандагы Шахдаг жана Туфандаг, Армениядагы Цахкадзор, Өзбекстандагы Чимен жана Кыргызстандагы Каракол лыжа базалары кирген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости