"Кара тизмеден" чыгыш үчүн Кыргызстан АКШ менен тыгыз мамилеге даярбы?

«Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, тандалып бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарабы таң калуусун билдирди. Бул Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт», — деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 1-февралда Дональд Трамп алты өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алган. Чектөө Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзанияга тиешелүү. Ага чейин КРдин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШ бийлигинин мындай чечимине Кыргызстандын биометрикалык паспорт колдонбогону себепкер экенин айткан эле.

Ал эми, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Адилет Бейшеналиев жергиликтүү маалымат булактардын бирине «Кыргызстандыктарга чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүк берген жалпы жарандык биометрикалык паспорттор 2021-жылдан баштап берилет. АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык визага чектөө коюшуна дал ушул документтин жоктугу себеп болуп жатат», — деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости