СҮРӨТ-Акаев Кара-Сууда аламан улак ойнотуп жатат. Байгеге батир, унаа.

СҮРӨТ-Акаев Кара-Сууда аламан улак ойнотуп жатат. Байгеге батир, унаа...

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында аламан улак ойнолуп жатат. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине жеке булактар билдирди.

Маалыматка караганда, байгеге Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, бир «Лимузин» жана төрт Mercedes-Benz W124 үлгүсүндөгү автоунаалар коюлган. Мындан сырткары, тогуз төө, 20 тай жана башка акчалай сыйлыктар коюлган.

Всадники во время игры аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района

Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Кыргызстандын чар тарабынан улакчылар келген. Болжол менен 1000дей киши катышып жатканы айтылды.

Всадники во время игры аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района

Участники на конях готовятся к игре аламан улак в селе Савай Кара-Суйского района

Бүгүнкү аламан улакты Новосибирск облусундагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, жеке ишкер Каныбек Акаев өткөрүүдө. Ал үч уулун сүннөткө отургузуп той берип жатат.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости