Кара чай көп ичилбей калды.Чай чыгарган компаниялардын иши токтойбу?

Кара чай көп ичилбей калды.Чай чыгарган компаниялардын иши токтойбу?

Кара чайды дүйнө эли көп ичет. Бирок дүйнө жүзүндө кара чайга талап мурдагыдай болбой калды. Буга байланыштуу чай чыгараган компаниялары саясатын өзгөртүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

«Дүйнө жүзү боюнча кардарлардын табити өзгөрүп, кара чай жакшы өтпөй калды. Азыр көпчүлүк ар кандай чөп кошулмалары бар чайларды иче баштады», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындан мурда окумуштуулардын эл аралык тобу бир күндө эки же андан ашык чөйчөк кофе же чай ичүү өпкө рагына алып келиши мүмкүн деген жыйынтыкка келген.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости