Кара-Балтага кеткен жолдо эки автоунаа кагышып, үч киши каза болду

Кара-Балтага кеткен жолдо эки автоунаа кагышып, үч киши каза болду

Бишкектен Кара-Балтага кеткен жолдо эки автоунаа кагышып, үч киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда кырсык, бүгүн, 21-январда саат 6:30 чамасында Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын ортосундагы жолдо катталган. Сокулук районунан чыккан Honda Accord Бишкекти көздөй келе жатып, Mercedes Sprinter кичи автобусу менен кагышкан. Экинчи автокөлүктүн Бишкектен Кара-Балтаны көздөй бара жатканы айтылды.

“Үч адам каза таап, кеминде бешөө жарадар болду. Алдын ала берилген маалымат боюнча, Honda Accord автоунаасынын айдоочусу уктап кеткен», — деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости