Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды

Капиталдык курулуш башкармалыгына биринчи жолу аял жетекчи дайындалды

Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгына Гүлмира Жумабекова жетекчи болуп дайындалды.

Буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгын убактылуу Улан Уезбаев жетектеп келген.

Эске салсак, Гүлмира Жумабекова 1996-жылдан бери муниципалдык кызматтарда эмгектенип келет. Курулуш тармагындагы финансы адистиги боюнча билими бар. Бишкек мэриясында, «Бишкек башкы архитектура» ишканасында жана Мамлекеттик архитектуралык көзөмөл башкармалыгында эмгектенген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости