Каныбек Осмоналиев, профессор: "Бийлик Садыр Жапаровдун маселесин чечпесе аягы өтө жаман болуп кетүүсү мүмкүн!"

Каныбек Осмоналиев, профессор:

Кандай мезгил болсо да калыс пикирин айткан, мамлекеттин эртеңине жүрөгү менен күйгөн Каныбек Осмоналиевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Парламенттик шайлоонун шаңы башталып, Ош базарда манты жеген арзан пиарлар менен коштолду. Депутат болууну самагандар элди арзан пиар, ишке ашпаган убадалары менен дагы канчага чейин алдашат?

-Эгемендик алгандан бери карапайым эл төбөлдөрдүн ар кандай айла-амалдарына көнүп, баш ийип берип келди. Бирок, өзү жыргап кеткен жок. Балдары чет өлкөдө жалданып иштеп өлбөстүн күнүн көрүп, анан калса канчасынын өлүктөрү келип жатат. Бул жерде калгандарынын ичинен ач-жылаңач жүргөндөрү да жок эмес. Ошентип, бир жагынан, убагында кен-байлыктарды, завод-фабрикаларды жана башка киреше алып келчү ишкананаларды талап-тоноп, уурдап алгандар, башкача айтканда өздөрү мактанып атап алган «элиталардын» байгер турмушу, экинчи жагында жогорудагы мен сүрөттөгөн кара тамандардын куураган жашоосу! Кийинки 8 жылда казынага анча-мынча киреше бере ала турган бажы, салык жана энергетика тармактары дагы ырайымсыз уурдалып жатканына күбө болдук. Кээ бир журналисттер жана атуулдар бул абийирсиздикти кашкайтып эле көрсөтүп койду! Анан, албетте, азыркы депутаттар менен өкмөт чиновниктери мындай жыргал жашоосун элге кармата берет беле? Эл алар үчүн бир тыйынга арзыбаган макулук да. Ошондуктан жан алакетке түшүп, Ош базарбы же башка эл көп жүргөн жерлер болобу, учуп жетип өздөрүн даңазалай башташты. 2015-жылкы шайлоодо элге берген убадаларынын 10-12%ын араң, жарым-жартылай аткарышыптыр. Расмий маалыматтар ушундай экендигин кечээ «Азаттыктан» уктук. Элибиз дагы өтө эле караңгы жана маңыроо болуп туруп алды. Көпчүлүк жаштар болсо, соцжелелерден: «Бийликти жаштарга бергиле, чалдар жоголгула!» — деген ач айкырык жасап, диванда оонап жаткандан башка колунан реалдуу иш келбей калды. Же өздөрүн бага алышпайт же ата-энесине каралашууга кудуреттери жетпейт. Ушундай кырдаалда депутат болуп кынык алган шылуундар дагы бир жолу элди аралап, аларды алдап, бир аз акчасын чачып коёт дагы, анан дагы 5 жыл элдин канын соруп жата берет. Мындай элге убал деле жок деп айтам. Ошондуктан, баардык көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө эң артта калган өлкө болуп калдык. Ал эми байлыгы асман тиреген кыргыздардын саны дагы жалпы элдин санына салыштырмалуу дүйнөдө алдыңкы сапка кириппиз. Мындай көрсөткүч чоң катастрофа! Шору каткан эл күнүмдүк жеген нанына акча эсептеп жүрсө, уурулук менен байыгандар акчасын ар кандай оюн-зоокторго жумшап, чет өлкөлөрдөн жомоктогудай үйлөрдү сатып алышып, чардап жүрүшөт. Алдыдагы парламенттик шайлоону ушундай абал менен тосуп келе жатабыз! «Арты кайырлуу болсо экен»!- деп гана үмүт кылып келем!

-Бийликтегилер түздү деген “Бирим” партиясы тар чөйрөдө талкуулана баштады. Мурун КСДПга кирип, Атамбаевге болушунча кошомат кылып, кийин колунан келишинче каралагандар бийликчил партиядан шайлоого аттанса эле эл колдойбу?

— Эми уялышпайт экен, да. Элди каратып туруп эле алдап киришти. Парламентте 5 жыл үн катпай отуруп, жыргап-чардап жашаган көпчүлүк депутаттар ошол бийликчил партияларга ачыктан-ачык эле катталышып, шайлоого шымалана киришти. Мен алардын аракеттерин түшүнүп эле турам. Админстративдик ресурс колдорунда, акчалары асман тирейт, анан, эң башкысы сатылма БШК алар каалаган жыйынтыкты ачык эле наадандык менен жасап берип коёт. Ошондуктан керектүү адамдарга азыр эле акчаларын пара катары берип салышып ЖКнын VII-чакырылышынын потенциалдуу «депутаты болуп алып»корсоюп басып жүрүшөт! Анан каяктагы адилет шайлоо жөнүндө кеп кылабыз. Мамлекетибиздин негизги трагедиясы ушунда. Эл дагы алданып көчө таптап калганы турат!

-Орун алмашуудан сумма өзгөрбөсө да, өкмөттөгү кадр алмашуу аларды оставкадан сактап калдыбы?

— Азыркы өкмөттүн эң негизги максаты күздө боло турган парламенттик шайлоого жөрмөлөп болсо дагы жетүү болуп турат. Анан көпчүлүгү депутат болуп алышат. Алар акыркы 2 жылда жомоктогудай байып алышты. Ошондуктан кээ бир өкмөт мүчөлөрүн өзүлөрүнүн ыңгайларына жараша алмаштырып жатышат. Аларда бир эле максат: бийликти толугу менен өз колдоруна топтоо. Анан бүттү. Дагы 5 жыл азыркыдан дагы катуу чардашат. Эл тажап деле бүтпөдүбү! Өзүлөрүнүн көр оокаты менен алпуршуп, өлбөстүн күнүн өткөрүп жашай берет. Жаштарыбыздын көпчүлүгү деградация болуп, сабаттуу билим алуу аракеттери соолуп, караңгылыктын кучагына, сормо сазына батып кете берет! Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетип калды! Демек, бир-эки министрди орун алмаштыруу өздөрүнүн жекече максаттарына эле байланыштуу, анан элди жоокалатмай! Кечээ парламентте көрбөдүкпү. Министрлик менен вице-министрликкке бара жаткан кандидаттарды көпчүлүк коалициядан өткөрбөй туруп эле комитеттен сунуш кылып коюшту го, же жалганбы? Элдин пикирине алар түкүрүп эле коюшту. Абдан эле көөп кетишиптир! Эми ошол депутаттар кайрадан ЖКнын жаңы чакырылышына бийлик ресурсуна жамынып, жулунуп жөнөштү! «Шоркелдей элим абайла!»- деп гана отуруп калдык!

-Президенттин аракетин, өкмөт менен парламент анчалык колдобогону үчүн ишинен майнап чыгара албай жатабы?

— Президент колунан келишинче аракет кылууда. Өкмөт угумуш болуп жатат, анын баардык структуралары көрсөтмөлөрдү аткарымыш болуп жатат. Иши кылса баары биригип иштемиш болуп жатат. Бирок, жыйынтык — нөл. Ошол эле мезгилде кен-байлыктар, энергетика ачык эле тонолуп, бажы менен салык кирешелери тынымсыз уурдалууда. Анан кайдагы коррупцияга каршы күрөштү айтабыз? Тескерсинче мурдагыдан дагы күчөгөнүн көпчүлүк эл айта баштаптыр!

-Бийлик кайсыл жеринен аксап, кайсыл аракеттери менен мурунку президенттердин катачылыгын кайталап жатат?

-Бийлик биринчи кезекте кадр маселесинен аксап жатат. Парламент менен өкмөттү сабатсыз кадрлар менен толтуруп алышып, эми өздөрү ошол караңгы, билимсиз наадандардын барымтасында калышты. Албетте, азыраак сабаттуулары дагы бар. Бирок, алар чечүүчү кызматтарда эмес! Кагаз жазып берип коюп эле отурушат. Жогорку кызматтагы азаматтардын ошол даяр документтерди, докладдарды кантип эжелеп окуп берип жатканын баарыбыз эле көрүп турабыз го? Натыйжада, мурдагы президенттерди мүдүрүлткөн катачылыктар дагы күчөй баштады. Көрсө кадрлар баарын чечет деген акыл сөз эң туура турбайбы!

-Шайлоону утарлай референдум жолу менен Конституция өзгөрүшү мүмкүнбү?

-Ал азыркы бийликтин эркинде. Каалаган өзгөртүүлөрдү киргизе алат. ММКнын 99%ы азыркы бийликти колдоп чыгат. Саясый оппозиция өлдү. Көпчүлүк партиялардын лидерлери Ак үйдү акмалап, «парламенттен орун берип коёр бекен»- деп садага сурап жүрүшөт. Плюралисттик ойлорду кухня менен мончодо же ээн талаага чыгып айтып калышты!

-10 жылга сыртынан соттолуп, Кыргызстандан качып кеткен Шадиевдин мүлктөрүн кмактан чыгаруу аракети неден кабар берет?

-Бул өтө жаман синдром. Элди биротоло эле көзгө илбей калыштыбы? Мындай кадам кимге керек? Мурдунан алысты көрө албаган ач көз шумпайлардын эле кылганы да. Сөз жок! Эл ансыз деле шылтоо таппай турганда, эми Шадиевдин мүлктөрүнө көз арткандар чыгып жатат деп эле ачык айтуубуз керек! Эртеби кечпи алардын аты билинет да!?

-Жогору жактагылар Садыр Жпаровдун, Кумтөрдүн, Жерүйдүн маселесин туура чечпесе, эл толкуп кетиши мүмкүнбү?

— Мен азыр Садыр Жапаровду боштондукка чыгарууну талап кылган Элдик кыймылды жетектеп жатам. Бул көпчүлүктүн тапшырмасы болду. Мен үчүн — бул чоң милдет жана эбегейсиз зор жоопкерчилик. Эч кандай саясый амбиция жок! Элдин сүймөнчүлүгүнө айлана баштаган Садыр Жапаровду мыйзамдуу жол менен азаттыкка чыгарып алуу эле максат. Анын мыйзамсыз абакта отурганына элдин көзү эбак эле жеткен. Президенттин эле эркинде калды, бул маанилүү маселе. Эл, айрыкча, жаштар, ар кандай чукул чараларга барууга умтулуп келе жатышат. Эгер бийлик бул маселени тезинен чечпесе аягы өтө жаман болуп кетүүсү мүмкүн! Парламенттик шайлоонун алдында элди толкутуп жибере турган маселе дал ушул болуусу толук мүмкүн! Ошондуктан урматтуу Президент жасакер, ушакчы кеңешчилерге моюн сунбай эле Садыр Жапаровго мунапыс же ырайым чарасын оң жагына чечип койсо, элдин көпчүлүгү ыраазы болуп, анын саясатын дагы да болсо колдоп берет эле. Түшүнөөр, акыры деп турабыз!

-Бийликтегилер Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровдон неге чоочулап жатышат?

— Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаров тайманбас, ак ниет жана курч инсандар. Экөө тең элин, жерин чексиз сүйгөн саясатчылар. Садырды мурдагы бийлик саясий мотив менен эле камап койсо, Адахан мырзага бир илинчээк таба албай жүрүшөт. Таба да алышпайт. Анткени, ал тараптан эч кандай мыйзам бузуу иштери жок, болбойт дагы. Болбогон бир айыптарды жармаштырып көрүштү эле майнап чыккан жок. Кичине эле бир нерсе болгондо эчак эле түрмөгө тыгып коюшмак. Экөө тең ошондуктан кылчактабастан, көзгө тике карап туруп бийликтеги кээ бир «азаматтардын» айыптарын беттерине айтып келе жатышат. Ошондуктан ал экөөнөн кандай чиновник болбосун тайсалдап коркуп турушат. Андан көрө Президент мырза ушул экөөнө жана дагы Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов өңдүү күчтүү саясатчыларга ишеним берип жооптуу кызматтарды ыйгарганда өзүнө эң сонун болмок. Эл гана утмак. Мамлекеттин иши алдыга жылмак.

Чынайым Кутманалиева

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости