Канат Сагымбаев да «кожоюну» АШАдай жалганды каратып туруп айта береби?

Канат Сагымбаев да «кожоюну» АШАдай жалганды каратып туруп айта береби?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон, УКМКнын экс-кызматкери Канат Сагымбаев да эч эле абийир алдында өзүн-өзү соттой албаган адам экенин көрсөтүүдө. Ал мамлекеттик атайын кызматтын кызматкери болуп туруп, кайра ошол атайын кызматтын спецназдарына каршы куралдуу каршылык көрсөтүп, кесиптештерин барымтага алууга катышканына эч эле өкүнгүсү келбей жаткан сыяктуу.

Тактап айтсак, ал жакында эле абакта жаткан жеринен маалымат каражаттарынын бирине жазуу түрүндө маек бериптир (албетте маекти өзү бердиби, же аны атайын заказ менен эле даярдатып коюштубу башка кеп). Анда мурдагысындай эле «Спецназ Үсөнбек Ниязбеков санйпердик винтовканын огунан каза болгон эмес, ал биринчи кабатта эле болчу, анан кантип 3-кабаттан Атамбаев атып салсын» деп актангысы келет. Анан дагы өзүн кесиптештерин барымтага алууга катышпаганын айтат.

Бирок, факты деген өжөр нерсе да, Канат Сагымбаевдин ошол күнү өзүнүн атайын кызматтагы кесиптештери келгенин өз көзү менен көргөнүн кантип танат? Же АШАнын хансарайына башка өлкөнүн спецназдары бастырып кирмек беле? Өзүнүн кесипетештерин көргөндөн кийин эле ал мамлекеттик кызматкер катары, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого ант берген офицер катары Атамбаевди колго түшүп берүүгө чакырса болмок. Анан эми түштөн кийин канчалык актанганы менен эл анын мамлекетке жасаган чыккынчылыгын билип калбадыбы, деп Беспредел KG жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости