Камчыбек ташиев: "садыр камактан чыгып бала-чакасынын кашына келгенче жанында турам"

Камчыбек Ташиев: "Садыр камактан чыгып бала-чакасынын кашына келгенче жанында турам"

Экс-депутат Садыр Жапаров камакка алынгандан бери Камчыбек Ташиев эмнеге үн катпайт дегендер көбөйдү. Бүгүн, "Жаңы ОРДО" гезитинин кабарчысы Баян Куловга берген маегинен кыскача окурмандарга сунуштайбыз.

"Мен Садырды №1 СИЗОго кармала турган кылмышкер деп эсептебейм. Тескерисинче органдын адамдары тынч келген элдин кармап, камап мыйзамды бузушту. Садырдын балдарын кичинесинен билем, алар өтө тартиптүү, акылдуу балдар. Балдарды кармабаш керек болчу. Мен эми Садыр камактан чыгып бала чакасынын кашына келгенче жанында турам. Бирок баардык баскан турганымды жасап аткан жакшылыгымды жар салбайм. Кудай жана Садырдын жакындары билсе болду. Фейсбуктагы компьютердин артында олтуруп алган анын колдоочулары кана бирөөсү митингге чыгып койдубу бүгүн? Бирөөсүн дагы чындап башына иш түшкөндө таппай калышты. Бул сөз менен эч бир иш бүтпөсүнүн далили. А мен сөз менен эмес, иш менен дос экенимди далилдейм"-дейт ал өз сөзүндө. Калганын "Жаңы Ордо"-гезитинин жаңы санына жарык көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости