Качанкыга чейин ичкүйдүлүк, басмайыл кесмей, ээрден шыпырмай менен алектене беребиз. Иштегенге мүмкүнчүлүк берсек

Качанкыга чейин ичкүйдүлүк, басмайыл кесмей, ээрден шыпырмай менен алектене беребиз. Иштегенге мүмкүнчүлүк берсек..

Ушу тапта короосунда кою тууй албай атып өлүп калса деле Өкмөттү күнөөлөй берүүгө өтүп алдык. Айрымдардын акыл калчоосуна келсек, Өкмөт башчы өзү келип анын казанына аш салып, отун жагып, атургай кашык карматып тамактандырыш керек окшойт. Айталы, Сапар Исаковдун Өкмөт башына келгенине туптуура жарым жылдын жүзү болду.

Бирок, ушул кыска аралыкта Өкмөт кантип иштеш керектигин, жаңы заманга ка­рай кадам таштоо бизде да бар экенин, жетекчи деген опурулуп-жапырылбай эле сылык-сыпаа, жөнөкөй болоорун аңдап биле албадыкпы. Сапар мырза аракеттин артында жүрсө да аны да жөн иштетпей сынга алгандар четтен чыгууда.

Уят да эми. Убакыт бербейлиби, туруктуу иш алып барып жаткан жигитти торой чапканга аракет кылбай.

Качанкыга чейин эски, түркөй ичкүйдүлүк, басмайыл кесмей, ээрден шыпырмай менен алектене беребиз.

Эл, биз өзүбүз оңолуу жолуна түшсөк биздин Өкмөт кайда бара алат?

Булак: "Де-Факто"

Назар Новости