Исхак Масалиев: Бул мыйзам долбоор митингден кийин болуп жатат окшойт

Исхак Масалиев: Бул мыйзам долбоор митингден кийин болуп жатат окшойт

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Электрондук башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамды өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.

Жыйында депутат Исхак Масалиева бул мыйзам долбоор митингден кийин болуп жатат окйшойт деп күмөн жаратты.

Анда мыйзам долбоорунун баяндамачысы Дастан Богоев бул мыйзам долбоору 13-февралда өкмөттүн токтому менен жактырылганын жана 2-мартта өткөн митингге эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Ал эми, депутат Исхак Масалиев бул мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү кереги барбы же жокбу, биринчи карап чыгыш керектигин айтты. Ошондой эле, кылдаттык менен иш кылыш керектигин айтып, коомчулук башкача түшүнүп жатканын кошумчалады.

“Мен бекер биринчи суроо берген жокмун. Айрыкча акыркы учурда митингдердин көбөйүшүнө байланыштуу, ушул мыйзам өзгөртүлүп жатат. Экинчиден коммерциялык эмес уюмдар. Коомчулук башкача түшүнүп жатат. Мен сизге сунуш берип жатам, жакшылап карап чыккыла. Балким, биринчи бөлүгүн өзгөртүштүн кажети жок”-, деди депутат Исхак Масалиев.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости