ВИДЕО — Искендер Гаипкулов, "Ата Мекен" фракциясынан депутат: "Биримдик" партиясын тааныбайм"

ВИДЕО - Искендер Гаипкулов,

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Искендер Гаипкулов «NazarNews” маалымат агенттигине үстүбүздөгү жылы өтө турган парламенттик шайлоо жана «Биримдик» партиясы тууралуу пикирин билдирди.

«Биринчиден, шайлоо күзүндө болот, убакыт бар. Азыркы күндө “Ата Мекен” партиясында “Улуттар Биримдиги” партиясынан келген депутат катары жүрөм. Ошондуктан бул партиянын саясий иштерине аралашпайм. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы жүргүзгөн иштер менен бирге иштешебиз. Башынан келишим ушундай болуп чечилген. «Улуттар Биримдиги” партиясы кийинки шайлоого баруу маселесин толук кандуу чече элек.

Так кесе айта албайм кайсы партия менен барабыз. Биринчиден, биз партиялык принцип менен жүргөндөн кийин биргеликте иштешибиз керек. Экинчиден, партиянын мүчөлөрүнүн ишеними менен “Ата Мекен” партиясына кошулганбыз. Депутат болуп келдим мен чечем деген туура эмес болуп калат. Бул маселени саясий кеңеш менен партиянын жер-жерлердеги мүчөлөрүнүн колдоосу менен келген депутат катары ошолор менен кеңешип чечебиз.

Ал эми “Биримдик партиясы боюнча социалдык сайттардан көргөнүм эле болбосо алардын саясий ишин көрө элекмин. Мен жогоруда айтып өткөндөй чечимди жалгыз өзүм кабыл албайм. Команда менен чечебиз. Биздин партия саясий кеңеш кандай сунуш берсе, мен ошол чечимди кабыл аламын,-дейт депутат Искендер Гаипкулов.

Булак: «NazarNews.kg»

Назар Новости