Исаев, Чудинов, Жапаров шайлоо алдында камалышабы?

Исаев, Чудинов, Жапаров шайлоо алдында камалышабы?

Жогорку Кеңеш депутаттары Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров жана Канат Исаевге козголгон кылмыш иштерин иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулду. Анда УКМКнын өкүлү маалымат берип, Канат Исаев боюнча жалпы алты иш тергелип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, депутатка төрт иш боюнча айыбы угузулган. Эми төртөө бириктирилип сотко өткөрүлөт. Жалпысынан Канат Исаевдин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 14 миллион сом зыян келтирилгенин атайын кызмат өкүлү кошумчалады.

Депутаттык комиссиянын отурумуна Акылбек Жапаров келген жок. Канат Исаев менен Игорь Чудинов катышты. Башкы прокуратура 29-майда Жогорку Кеңештеги «Бир бол» фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата Кылмыш кодексинин «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн деген кине коюлууда. Бирок аталган депутаттар тагылган айыптарды четке кагып жатышат.

Эми бул депутаттардын тагдыры кандай болуп чечилери ушул комиссиянын колунда. Андыктан алар шайлоо алдында камалат же жок дегенде ичкен-жегенин кусуп гана кутулушу мүмкүн.

Булак: “Майдан.kg"

Назар Новости