Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 50гө жакындады

Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 50гө жакындады

Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 43кө жетсе, тумоону жуктуруп алгандардын саны 593 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ирандын Саламаттык сактоо министринин айтканы таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, коронавирустан сутка ичинде эле тогуз киши каза болгон. Вирустун таралышы боюнча бул өлкө Кытайдан кийинки эле эң кооптуу өлкөгө айланды. Вирусту жуктургандардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президенти, саламаттык сактоо министринин орун басары жана төрт парламент депутаты бар.

Эске сала кетсек, соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800 киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү Кытайга туура келет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости