Иранда коронавирустан бир нече аткаминер жана депутат каза болду

Иранда коронавирустан бир нече аткаминер жана депутат каза болду

Коронавирус, Ирандын Тереган шаарынан шайланып келген Фатеме Рахбар аттуу парламент депутатынын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аталган депутат 6-март күнү коронавирус менен күрөшүп жатып каза болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Иранда бир нече аткаминер каза болгон. Мындан тышкары, вице-президент Масуме Эбтекар жана саламатык сактоо министринин орун басары Ираджа Харирчи жана жыйырмадан ашык парламент депутатынан вирус аныкталган.

Эсек сала кетсек, Иран – Кытайдан кийинки коронавирус көп аныкталган өлкө болууда. 7-марттагы маалыматка ылайык, азыркы учурда 5823 адам өпкөнү сезгенткен вирус жуктурса, илдеттен 145 киши көз жумду

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости